
Сиз коргошун боёгунун дагы эле көптөгөн өлкөлөрдө адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурарын билесизби? Коопсуз альтернативалардын бар экендигине карабастан, алар дагы эле өндүрүлүп, экспорттолуп, миңдеген адамдарды тобокелге салууда.
Коргошун – жер кыртышында табылган уулуу, табигый металл.
Анын кеңири колдонулушу айлана-чөйрөнүн кеңири булганышына, адамдардын организмине тийгизген таасири жана бүткүл дүйнө боюнчаэлдин ден соолугу үчүн олуттуу коркунучтарга алып келет. Курчап турган чөйрөнү коргошун менен булгоонун негизги булактары болуп аны казып алуу, эритүү, өнөр жай өндүрүшүндө колдонуу, сырьену кайра иштетүү, ошондой эле коргошунду ар түрдүү азык заттарда колдонуу болуп саналат.
Коргошун башка көптөгөн буюмдарда, анын ичинде пигменттерде, боёктордо, ширелерде, витраждарда, коргошун кристалл айнек,керамикалык глазурлардан жасалган ийдиштеринде, ок-дарыларда, зергер буюмдарда, оюнчуктарда жана кээ бир салттуу косметикада жана элдик дарыларда колдонулат. Ошондой эле Ичүүчү сууну булганууга суу түтүктөрүндө, коргошун ширеткичтерди жана арматураларды колдонгон сантехникалык системаларды колдонуу болушу мүмкүн.
Негизи эле коргошун жана анын кошулмалары бар боёк жана лак материалдарын колдонууга болбойт бирок кооптуу боёктор өлкөнүн базарларына кирип сатылууда, андыктан колдонууда кылдаттыкты талап кылынат.
Жаш балдар коргошун менен ууланууга өзгөчө аярлуу болушат, анткени ашказан-ичеги жолуна түшкөн бир дозадан баланын организми чоңдордун организмине караганда коргошунду 4-5 эсе көп сиңирет. Мындан тышкары, өзгөчө алты жашка чейинки балдардын табигый кызыгуусу жана колдору менен кармалап оозуна салуу,алардын коргошун менен булганган чаңдын, топурактардын жана боёктордун таасири астында калуу коркунучун жогорулатат. Дубалдардагы, эмеректердеги, терезелердеги жана эшиктердеги коргошун чаңы жана анын майда бөлүкчөлөрү баланын ден соолугуна жашыруун коркунуч жаратат. Эски боёктун кабыгы полго жана эмеректерге түшүп чаңга айланып бала ойноп жатканда коргошун бөлүкчөлөрүн байкабай жутуп алышы ыктымал, бул организмде коргошундун топтолушуна алып келиши мүмкүн.
Мисалы, балдар үйдө же сыртта ойноп жүрүп колун булгап, анан булганган манжаларын оозуна салышы мүмкүн же эски боёктун кесиндилерин таап, даамын татып да көрүшү мүмкүн.
Организмге киргенден кийин коргошун ар кандай органдарда, анын ичинде мээге, бөйрөккө, боорго, сөөктөрдө жана тиште убакыттын өтүшү менен топтолуу мүмкүнчүлүгү бар. Начар тамактанган балдар коргошундун таасирине көбүрөөк дуушар болушат, анткени алардын денеси башка азык заттардын, айрыкча кальций менен темирдин жетишсиздигинен коргошунду көбүрөөк сиңирип алат. Коргошундун таасири балдардын ден соолугунун аз кандуулукка, гипертония, бөйрөкоорусуна, иммундук жана репродуктивдүү системага чон таасирин тийгизет.
Атап айтканда, коргошун баланын мээсинин өнүгүшүнө кайтарылгыс таасир тийгизип, интеллект коэффициентинин (IQ) төмөндөшүнө, жүрүм-турумунун өзгөрүшүнө, анын ичинде көңүл буруунун жана катуу антисоциалдык жүрүм-турумдун жана окуудагы көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.
Ошонун негизинде 2025-жылдын 26-фералынан 02-март аралыгында Ош шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарынын ичиндеги жана балдар аянтчалары үчүн колдонулган боектордун курамындагы коргошундун деңгээлине жана базарда сатылып жаткан эл керектөөчү товарларга мониторинг жүргүзүү максатында Ош шаарына иш сапары жүргүзүлгөн. Мониторингдин жүрүшүндө 10 мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана Кара-Суу районундагы Кара-Суу базар каралган.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында полдун, боёк менен сырдалган дубалдын, колдонулган идиш-аяктардын жана ашкана идиштеринин, оюнчуктардын, боек менен сырдалган оюн аянтчаларындагы жабдууларынын бетиндеги жана базардан оюнчуктардын, жеңил өнөр жай буюмдарынын, ийдиш-аяктардын, лак-боёктордун коргошундун өлчөмүн өлчөө иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш-чара ОО “ЭКОИС-Бишкек” бейөкмөт уюмунун адиси тарабынан XRF рентгендикфлуоресценттик анализатордун жардамы менен жүзөгө ашырылды.
Иштин жыйынтыгы боюнча өлчөөлөрдүн жыйынтыктарын талкуулоо, сунуштарды иштеп чыгуу жана тиешелүү чараларды ишке ашыруу үчүн тегерек стол өткөрүү пландашылып, аталган иш-чара 2025-жылдын 17-март айында өткөрүлүп, төмөнкү жыйынтык чыгарылды.
Бул изилдөө биздин балдарды коргошун уулануу менен байланышкан коркунучтардан сактоо боюнча иштерди күчөтүү үчүн негиз болуп берет.
Ошондой эле, ушул түрдөгү мониторингди республика боюнча улантуу жана тиешелүү алдын алуу чараларын иштеп чыгуу зарылдыгыбелгиленди.
Бул долбоордун жыйынтыгы балдардын ден соолугун коргоо боюнча жаңы жолдорду ачып, келечекте кеңири таралган уулануу маселесин жоюуга жардам берет.
Тегерек столдун резолюциясы:
— Бала бакчаларда жана билим берүү мекемелеринде коргошун менен уулануунун алдын алуу боюнча атайын иш-чаралар уюштуруу.
— Коргошунга байланыштуу маселелер боюнча маалыматтык кампанияларды жүргүзүү, балдарга зыян келтирбөө үчүн туруктуу билим берүү иштерин жүргүзүү.
— Мектептерде, бала бакчаларда жана коомдук жайларда коргошун менен ууланууга каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
— Медициналык текшерүүлөрдү жана профилактикалык иштерди жүргүзүүнү күчөтүү.