Кене энцефалитин алдын алуу жолдору

Кене инфекциясы өтө коркунучтуу  

Кене энцефалити  борбордук нерв системасын жабырката турчу курч кармоочувирустук   оору. Бул оорунун козгоогучу болупАрбовирус эсептелет. Вирус адамга вирусту алып жүргөн кене аркылуу чаккан маалда  шилекейаркылуу жугушу мүмкүн.

Жыл сайын кенеден жабыркаган адамдардынсаны көбөйүүдө. Мисалы 2020 жылы кене чагууданжабыркаган адамдардын саны 556 адам түзсө, аныничинен 1 адам вирустук кене энцефалитине, 4 адамсевер-азиялык клещ сыпной тифке  чалдыкканболсо,  2024 жылы 1 –Конго-Крым геморрагиялык ысытмасы (ККГЫ), 1-  Батыш Нил, 14 кененинвирустук энцефалити, 30 севердик -азиат кененинкелте оорусу катталган.

Республикада  вирустук кене энцефалитинин очогдору баардык табигый климаттык зоналарында аныкталып жана адамга коркунуч алып келүүсүкездешет. Эң көп опурталдуу очогдору Токмок, Чуй районунун Кегетей капчыгайында, Аламүдүн районунунда Ала-Арча капчыгайында, Чон-Кемин, Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоо токойлуу жерлерде,Ысык-Ата районунун Альплагеринде, Ыссык-Кол облусунун Түп өрөөнүндө, Талас жана Фергана өрөөндөрүндө, борбордук Тянь-Шаньдын Нарын дарыясынын жайылмасында жайгашкан, республикада кененин 17 түрү аныкталган.

Кененин сезону март айынан баштап сентябрьайынын аягына чейин уланат.

Кантип вирустук кене энцефалитин жуктурупалса болот?

Вирустук кене энцефалитине баардык адамдар, кары жашына жана жынысына  карбай чалдыгат. Кесиби боюнча токойлорго чыгуу мененбайланышкан  адамдар чалдыгуусу мүмкүн(токойчулар, егерлер, чабандар, студенттер-практикага токойлорго баргандар, туристер, мэргендер жб.) Шаарда жашаган адамдар оорунутокойдо эс алууда, бакчалуу аймактардан жуктурупалышы толук мүмкүн.

Оорунун алдын алуу жолдору

Биринчиден алдын алуу бул ар бир адамдын өзүнөн. Тоого, токойго эс алууга чыккан учурда кенелердин жабышып алуусунан алдын алуу үчүн мезгил-мезгили менен кийимдерди, денени текшерип карап, жабышкан кене болсо алып салуу керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо кенелерди качыруучу ар кандай крем, мазь, аэрозольдорду колдонсо болот.

Токойго барган учурда чөптүн үстүнө жатпоо керек, эс алуу учурунда сөзсүз түрдө олтура турган жерге плащ, палаткаларды салып алып, токойдун ачык жеринде эс алуу зарыл. Күн кандай гана ысык болбосун бутка өтүк, жеңдери узун кийим-кече кийүү керек. Ошондой эле, багелекти байпака кымтып, моюнду жука жоолук менен ороп кийинген оң. Эс алуудан кайткан учурда адамдар өзүн жана бири-бирин кылдаттык менен карап чыгуу керек. Үйгө келгенден кийин дагы кийимдердин баарын чечип,  эс алууга кошо алып барган төшөнчүлөрдүн (дасторкон, покрывало, сумка ж.б.) баарын сыртта кагып, жайып коюу зарыл.

Вирустук кене энцефалити көп кездешкен аймактардан массалык түрдө кене кол салып аткан учурда эчкинин(сейрек кездешет), койдун жана уйдун чийки сүтүн ичүүдө анткени вирус сүттөболуп калышы толук ыктымал. Ошондуктан чийки сүт азыктарын кайнатуудан кийин гана ичүү зарыл. Белгилей кетчү нерсе, жугуштуу болуп жалгыз чийки сүт эмес, башка дагы чийки сүттөн жазалган азыктарда да болушу мүмкүн: быштак, каймак ж.б.

Эч убакта мал-жандыктардан кенени кол менен алууга  болбойт-бул өтө коркунучтуу, айрыкча колдун жарасы болсо.

Үйгө  талаадан ар кандай гүл жана башкаөсүмдүктөрдү  алып кирбөө жана жаратылышка эс алып келгенден кийин сөзсүз түрдө сырткы кийимди кагып-силкип салуу талап кылынат.

Кене денени чаккан учурда кандай чара көрүү керек жана кимге кайрылуу керек?

Эгерде дененин кандайдыр бир бөлүгүндөкененин жабышып алганы байкалса, анда  тезиреекденеден алып салуу керек. Кененин баш бөлүгүничке, бышык жип менен тегеретип байлап, жиптинэки үчүн кылдаттык менен акырын тартып алуукерек. Бирок, кененин денесин башынан үзүпалбоого аракет кылуу керек. Жабышкан кенелердиалган учурда эч качан аларды сыгууга, басуугаболбойт. Анткени, баскан учурда вирустуорганизмге жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү чоң. Ошондуктан кенени баспай өтө кылдаттык менентез убакыттын ичинде алып салуу керек.

Кене чаккан жерди  70% спирт, 5% йод, одеколон менен дезинфекция жасап коюуу зарыл. Кенени алып салгандан кийин колду таза жуукерек.

Кенени алгандан кийин аны күйгүзүп, майдалап же ыргытып жибербей жабыркаган киши өзү менен кошо кенени алып тез аранын ичиндеаймактык ооруларды алдын алуу жана санитардыкэпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунакайрылып, ал кененин түрүн аныктап, туура багытта ооруну алдын алууга кеңешмелерди алуусу зарыл. Жабыркаган адамга андан ары вирустуккене энцефалит оорусун  алдын алуу үчүн жардамкөрсөтүлөт.

Кене энцефалит оорусу менен ооруп калган адамда кандай белгилер байкалат?

Адамды кене чаккандан кийин, эгерде ошолчаккан кене вирусту алып жүргөн болсо 7 — 14 күндүн ичинде баштын катуу оорусу, дене табынын38-390С га чейин тез көтөрүлүп кетүүсү, кусуусуменен мүнөздөлөт. Андан сырткары моюн, арка, ийин булчуңдарынын ооругандары байкалат.

Эгерде кээ бир райондордо кенелердин түрүнаныктоочу кызмат болбосо, жабыркаган адамаймактык врачына кайрылып 7 күндөн бир айгачейин көзөмөлдөнүп туруусу керек, ушул убакытичинде адамдын температурасы жогорулап, башыооруп, алсырап, кускусу келсе тез аранын ичиндедарыгерге кайрылуусу зарыл. Эгерде  адамдажогоруда аталган белгилер байкалса,  тез арадамедициналык жардамга кайрылуусу зарыл, анткенижогоруда белгилегендей мээ жабыркап параличкеалып келүүсүн эстен чыгарбоо керек.

Оорунун кесепети: өз учурунда даарыланбаса, инвалидке алып келиши мүмкүн.