Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директорунун куттуктоосу!

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен кызуу куттуктап, Сиздерге бакубат турмушту, чың ден-соолукту каалап ишиңиздерде албан-албан ийгиликтерди мындан ары дагы жарата берүүңүздөргө тилектештигимди чын дилимден билдиремин.

Медициналык кызматкерлердин талбас аракети менен жетишээрлик  натыйжалуу медициналык системасы түзүлүп элибиздин ден соолугу чындалып, оорулуулар айыгып, элдин ишенимин артырып келүүдө. Сиздерге, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өлчөөсүз салым кошуп, элибиздин татыктуу жашоосуна шарт түзүп, сапаттуу кызмат көрсөтүп,   жигердүү  эмгектенип жатканыңыздарга ыраазычылык айтып, мындан ары да медицина багытындагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды жүзөгө ашыруу, ооруларды алдын алуу иш чараларын күчөтүү сыяктуу маселелерди ишке ашырып келесиздер.

Урматтуу саламаттык сактоо органдарынын кызматкерлери, Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен  кызуу куттуктап,  барыңыздарга бакубат турмушту, чың ден-соолукту,  үй-бүлөөлүк бакыт  таалайды каалаймын.

 

УРМАТТОО МЕНЕН,                                        

 

ДИРЕКТОР                                                ТОЛО БАЙДАЛИЕВИЧ ИСАКОВ