Мите курттардын жайылуусун алдын алуу

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө Департаменти «Дуваташ» компаниясынын каржылык колдоосу астында «Дени сак үй-бүлө» долбоорунун алкагында мите курттардын жайылуусун алдын алуу боюнча борбор калаада семинар өткөрдү.

Семинарга Чүй, Талас жана Нарын облусунун  мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун окутуучулары  катышты.

 

Кыргызстанда эң кеңири жайылган  мите курт бул чүчөк курттары – острицалар. Алар энтеребиоз оорусун чакырат. Андан кийинки эле орунда лямблиялар, алар лямблиоз оорусун козгойт. Аскаридалар дагы кенен жайылган мите курттар. Эхинококкоз, альвеакоккоз, гименолепидоз, тениаринхоз, описторхоз жана башкалар.

 

Республикада мите курттар менен көбүнчө 14 жашка чейинки балдардын 70-75%  жабыркайт. Жылына 25 миң бала мите курт менен  оорусу аныкталат.

Адамдар мите курттарды көбүнчө жеке гигиенасын сактабагандан пайда болот. Мисалы: ойногондон кийин, мектептен, көчөдөн келгенден кийин, дааратканадан чыккандан соң  жана тамактануунун алдында колдорун жуубаган учурда жуктуруп алат. Иттен жана мышыктан да эхинококкоз жана токсакороз сыяктуу гелминтоздорду жуктурууга болот. Ит жана мышык менен ойногондон кийин колду сөзсүз жууш керек. Таза жуулбаган жашылча мөмө жемиштерди жегенде да жуктуруп алууга болот. Мындан улам ,ата-энелер жылына эки жолу лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүп туруусу керек”- дейт Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн паразитологу Усубалиева Жумагүл

Мите курт ооруларынын  белгилери

Ич өтүү  же ич катуу сыяктуу ичеги карындын иштешинин  бузулушу, будур, кычыткы, тактар пайда болушу. Жөтөл пайда болуп, денеси ысып, башы ооруп, алсызданып, табити жоголуп, ичи оорушу мумкун. Нерв системасы бузулушу мумкун: кыжырдануу, туталануу, конул буруусунун жана эс тутумунун начарлашы, тарамышы тырышуу жана  эс учун жоготуу кездешет. Жогоруда аталган белгилер пайда болгон учурларда дарыгерге кайрылуу зарыл.

Мите курт ооруларынын негизги жугуу себептери

— Уй шартындагы даарыланбаган жаныбарлар менен балдардын тыгыз байланышта болуусу;

— Итти сылап-сыйпоо, тамак тандыруу жана тегерегин тазалоо учурунда.

— Андан сырткары калк арасында мите курт ооруларынын организмге тийгизген зыяндуулугу жөнүндө түшүнүктүн аз экендиги

— Калктын социалдык жашоо шартынын төмөндүгү мите курттардын түздөн-түз таркалышына, жугушуна өбөлгө түзүүдө.

Мите курт ооруларынан кантип сактануу керек?

Мите курт ооруларынан сактануунун эн негизгиси ооруну алдын алуу.

Жеке жана коомдук гигиенаны сактоо, санитардык гигиеналык эрежелерди так аткаруу.

Оорунун негизги себеби – кир колдон болгондуктан баланы кичинесинен тартып тамак ичээр алдында, мал карагандан, мектептен, дааратканадан жана сырттан ойноп келгенден кийин ар дайым колдорун самындап жууганга көндүрүү керек.

Эсекерте кетсек, семинарга катышкан медициналык кызматкерлер, каскаддык ыкма окутуусун пайдаланып жер жерлерде окутууларды улантышмакчы.