Мите курт ооруларынын актуалдуулугу
Адамдын ден соолугу үчүн мите курттардын зыяндуулугун эске албай коюуга таптакыр мүмкүн эмес. Анткени, мите курт ооруларынын организмге тийгизген зыяны абдан чоң. Дүйнө жүзүндө бул мите курттар абдан көп жана алар адамдын организминде көптөгөн ооруларды пайда кылышат.
Адамдын организмин тамактануунун булагы катары гана эмес, жашоонун жана көбөйүүнүн жагымдуу чөйрөсү катары колдонушат.
Адамдын ичинен азыктанып, өздөрүнүн жашоо калдыктары менен ууландырууга жөндөмдүү келишет. Алардын адамга жуккан учуру, ал тургай кээ бир мезгилдерге чейин организмде бар экендиги билинбейт. Курт качан гана өзүнүн абалын жакшырткан жана ичегинин былжырлуу челине бекиген соң үзгүлтүксүз тамактануу булагына ээ болгондон кийин гана өзүн билгизип көптөгөн тукумдарын көбөйтө баштайт.
Маселен, Советтер Союзу таркагандан бери көп нерселер өзгөрбөдүбү. Элибиз социалдык жактан да, экономикалык жактан да бир канча кыйынчылыктарга туш болду. Анын үстүнө мурунку ири чарбалар жоюлуп, жеке чарбалар пайда болду.
Ошентип калк базар экономикасына ыктап, чарбачылыгын анын мыйзамдарына баш ийүү менен жүргүзө баштады. Натыйжада адамдар мал чарбачылыгы менен дыйканчылыкка басым жасай башташты. Мал чарбачылыгы менен алектене баштаганыбыздан бери мите курттардан жабыр тарткандар, айрыкча эхинококкоз, альвеококкоз менен ооругандар көбөйдү.
Республикабыздагы мите курт ооруларынын эпидемиологиялык абалы жөнүндө сөз болгондо, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көргөзүп тургандай
республикабызда элдин анык мите курт оорулары менен жабыркашы 20%дан –64%га чейин жеткен жана анын көпчүлүк пайызы 14 жашка чейинки балдар түзөөрүн айтсак эле жетиштүү болот.
Чынын айтуу керек, эхинококкоз жана альвеококкоз оруулары бүгүнкү күндө башкарылгыс абалда болуп жаткандыгы катуу ойго салат. Себеби, статистикалык маалыматтарга таянсак, аталган оорунун Ош жана Нарын облустарында катталуусу республиканын башка облустарына салыштырмалуу абдан көп. Анын үстүнө ооруну дарылоодо жалгыз гана хирургиялык ыкма колдонулат. Бул адамды өмүр бою майыпка айландырышы, а түгүл ооруп калгандардын ичинен 1%дан 4%га чейин адамдарды өлүмгө алып келиши менен коркунучтуу экенин баса белгилегим келет.
Ошондуктан кеселдин алдын алуу жолу чоң мааниге ээ.
Жогоруда айтып өткөндөй бул мите курт ооруларынын организмге тийгизген зыяны абдан чоң. Ал ар кандай оорулардын башаты болот деп айтсам
жанылышпаймын. Анткени ооруган адамдын тамакка болгон табити начарлайт,кусат, шилекейи агат, ичи ооруйт, түйүлөт. Ушу менен бирдикте кыжырданууга,уйкунун жоголушуна, эске тутуунун начарлашына, жумушка болгон жөндөмдүүлүктүн начарлашына, баштын оруусуна жана айланышына алып келет.
Мите курт ооруларынын негизги таркалуу, жугуу себептери
Мите курт оорулары организмге өтө чоң зыян алып келгени менен алардын таркалышы жана жугуусу өтө эле жөнөкөй үй шартындагы элементардык
гигиеналык эрежелерди сактабагандыгы негизги себеп болот.
— Жашылча жемиштерди жуубай жегенден;
— Колду тамак алдында, иштен кийин жана дааратканадан кийин самындап жуубоо;
— Атайын суу түтүктөрүнүн болбогондугунун себебинен сууну арыктардан
жана кайнатылбаган сууну колдонгондуктан;
— Балдардагы туура эмес мүнөздөрдүн калыптанышы (колду, ручканы оозуна салуу);
— Уй шартындагы даарыланбаган жаныбарлар менен балдардын тыгыз байланышта болуусу;
— Итти сылап-сыйпоо, тамак тандыруу жана тегерегин тазалоо учурунда.
— Андан сырткары калк арасында мите курт ооруларынын организмге тийгизген зыяндуулугу жөнүндө түшүнүктүн аз экендиги, жугуу себептерин жана
алардын алдын алууларын билбегендиги жана ошондой эле элдин социалдык жашоо шартынын төмөндүгү мите курттардын түздөн-түз таркалышына, жугушуна өбөлгө түзүүдө.
Кээ бир мите оорулары уйдун, койдун же чочконун этин жетиштүү бышырбаганда, ошондой эле туздалган чийки балыкты жегенде жугат. Ал эми кээ
бир учурларда мите курт ооруларын чымындар, курт-кумурскалар жана жогоруда айткан ит, мышык, үй жаныбарлары да таркатат. Мал сойгондо илдетке чалдыккан боорду же өпкөнү итке беребиз же ачык таштап койгон учурлар кездешет. Бул учурда жеке эле итке жем болбостон жайлоолордо карышкыр, түлкүгө да жем болот дагы ит сымалдуу эхинококкоз оорусун таратууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Андыктан биз мите курт ооруларынын алдын алуу иш-чаралары жөнүндө канчалык көп айтсак да, ашыктык кылбайт. Ошондуктан жогорудагы мен айткан эрежелерди болтурбай коюу чоң мааниге ээ.
Эн негизгиси, баарыбыз мите курт ооруларынын алдын алуу иштерин активдештирүү, аларды табуу, туура дарылоо менен эле токтолбостон, элибиздин
санитария жана гигиена боюнча билимин жогорулатуу менен аны практикада колдонууга үгүттоо жана паразитардык ооруларды координациялоо зарыл. Мындай иш-аракеттер бир гана мите курт ооруларын азайтпастан, айлана-чөйрө аркылуу жугуучу башка инфекциялык оорулардын азайышына да таасир этет. Озүнүзгө белгилүү элибиздин социалдык абалы начар мезгилде мите курт оорулары күчөп, жаш балдарды, дегеле чондорду деле ыңгайсыз абалга калтырып, ар кандай ооруларга дуушар кылууда. Жада калса даарыканадан алып ичкен дары-дармектердин да натыйжасы болбой жаткандыгын, организмдеги курттардын түшпөй жаткандыгын кенири айтышууда. Андан сырткары куртка дары ичсен башка органдарга мисалы бөйрөк, боорго зыянын тийгизүүдө.
Мите курт ооруларынан сактануунун жолдору
Мите курт ооруларынан сактануунун эн негизгиси оорунун алдын алуу. Ооруну дарылагандан көрө алдын алган жакшы эмеспи. Ошондуктан эң биринчиден жекече жана коомдук гигиенаны сактоо, санитардык гигиеналык эрежелерди так аткаруу, оорунун алдын алуунун эн негизги натыйжалуу жолу болуп эсептелет. Оорунун негизги себеби – кир колдон болгондуктан баланы кичинесинен тартып тамак ичээр алдында, мал карагандан, мектептен, дааратканадан жана сырттан ойноп келгенден кийин ар дайым колдорун самындап жууганга көндүрүш керек.
Ошондой эле жаныбарлар менен ойногондон кийин дагы колун сөзсүз самындап жуушу керек. Жашылчаларды, жер жемиштерди жана огороддон алынган аш-көк чопторүн жээр алдында таза сууга тазалап жуу керек. Андан сырткары балдардын жолбун
иттер менен ойноосуна тыюу салуу жана жолбун иттерди жок кылуу.
Эхинококк менен ооруган малдын ич этин, боорун же өпкөсүн, суурдун этин, үй жана талаа чычкандары менен иттерди таптакыр тамактандырбоо, андай ич органдарды сөзсүз өрттөп жок кылуу же жерге көөмп коюу, малды сойгон жерге
иттерди жолотпоо негизги алдын алуу чаралары болуп эсептелет. Уйдө бакан иттерди жылына 4 жолу дегельминтизациядан өткөрүү. Айыл жеринде
колдонулуучу агын сууларды, суу түтүктөрүнөн алынган сууларды кайнатып гана ичүү. Тырмагын кыска кылып алып жүрүү. Дааратканаларга жарык коюу жана бир гана дааратканаларды колдонуу менен бирге аларды таза кармоо керек. Чымын, чиркейлерге каршы залалсыздандыруу иштерин жүргүзүү, үй жаныбарларын ветеринардык текшерүүдөн өткөрүп туруу жана ич кийим, шейшептерди тез-тез алмаштыруу, үтүктөө, үй ичин тазалап туруу зарыл.