Ошскому городскому центру госсанэпиднадзора передано оборудование для идентификации патогенов

«Кыргызстанда микробго каршы туруктуулуктун (МКТ) таралышын, ден соолукка тийгизген таасирин жана бактериалдык инфекциялардын экономикалык зыянын баалоо боюнча улуттук изилдөө» долбоорунун алкагында in vitro диагностикасы үчүн лабораториялык материалдар, анын ичинде Биомерье (Франция) өндүрүшүнүнVitek 2 Compact 60 микроорганизмдерди идентификациялоонун автоматташтырылган системасы сатылып алынды.

 

Жабдууну тапшыруу аземи бүгүн, 2024-жылдын 15-апрелинде Ош шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ливиу Ведраско, Ош облусу боюнча саламаттыкты сактоо координатору Шаятбек Абдурахманов жана борбордун кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

 

Учурда дүйнөдө микробго каршы туруктуулуктун таралышы боюнча маалыматтарды чогултуунун туруктуу модели жок, ал эми Кыргызстанда ДССУнун техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасында микробго каршы туруктуулуктун таралышы боюнча пилоттук улуттук изилдөөнү баштоого даярдыктар көрүлүүдө.

 

Министр Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө Ольга Тосас Аугге жетектеген ДССУнун башкы кеңсесине жана Ливиу Ведраско жетектеген ДССУнун өлкөлүк кеңсесине Кыргызстанда антибиотиктерге туруктуулуктун таралышы боюнча изилдөөнү даярдоого жана жүргүзүүгө ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Өз кезегинде мен биздин саламаттыкты сактоо уюмдарыбыз изилдөөгө жигердүү катышып, дүйнө жүзүндө антибиотиктерге туруктуулуктун таралышы боюнча биринчи пилоттук изилдөөнү ийгиликтүү өткөрүүгө өз салымын кошот деп ишендиргим келет», — деп белгиледи ал.

 

Күтүлгөн натыйжалар МКТ чөйрөсүндөгү реалдуу кырдаалга объективдүү баа берүү жана чектөө стратегиясын андан ары иштеп чыгуу, микробго каршы препараттарды (МКП) колдонуу тактикасын аныктоо, МКП менен рационалдуу жана натыйжалуу дарылоо, инфекциялардан эмпирикалык дарылоо үчүн МКПнынегиздүү тандоо, Кыргыз Республикасынын ооруканаларында көп дарыга туруктуу микроорганизмдердин жайылышын ооздуктоо боюнча чектөөчү иш-чараларды жүргүзүү үчүн актуалдуу.

 

Белгилей кетсек, бүгүн жана эртең Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы лаборатория кызматкерлери үчүн бул жабдуулардын жардамы менен оорунун козгогучтарын аныктоо жана алардын микробго каршы дарыларга сезгичтигин аныктоодогу иш процесси боюнча окутуулар өткөрүлөт. Декабрь айынын башында бул изилдөөгө катышкан ооруканалардын клиникалык кызматкерлери үчүн тренингдер өткөрүлгөн жана азыркы иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарынын клиникалык адистери үчүн кайталоочу тренингдер өткөрүлүүдө.

 

В рамках проекта “Национальное исследование для оценки распространенности, влияния антимикробной резистентности (АМР) на здоровье и экономического ущерба при бактериальных инфекциях кровотока человека в Кыргызстане” закупленылабораторные материалы для in vitro диагностики, в том числе и автоматизированная система идентификации микроорганизмов Vitek 2 Compact 60, производства Биомерье, Франция.

 

Церемония передачи оборудования состоялось сегодня, 15 апреля 2024 года в Ошском Городском центре профилактики заболеваний и госсанэпидем надзора с функцией координации деятельности структурных организаций с участием министра здравоохранения КР Алымкадыра Бейшеналиева, главы странового офиса ВОЗ в Кыргызстане Ливиу Ведраско, координатора здравоохранения по Ошской области Шаятбека Абдурахманова  и коллектива центра.

 

В настоящее время в мире нет устойчивой модели по сбору данных распространенности АМР и в Кыргызстане готовится к запуску пилотное национальное исследование распространенности антимикробной резистентности в Кыргызской Республике при технической поддержке ВОЗ.

 

В своем выступлении министр Алымкадыр Бейшеналиев выразил благодарность головному офису ВОЗ в лице Ольги Тосас Аугге и страновому офису ВОЗ в лице Ливио Ведраско за всестороннюю поддержку в подготовке и проведении исследования распространенности антибиотикорезистентности в Кыргызстане. “В свою очередь хочу заверить, что наши организации здравоохранения будут активно участвовать в исследовании и внесут свой посильный вклад в успешное проведение первого пилотного исследования распространенности антибиотикорезистентности во всем мире”, — отметил он.

 

Ожидаемые результаты являются актуальными для проведения объективной оценки реальной ситуации в области АМРи дальнейшей разработки стратегии сдерживания, определения тактики применения антимикробных препаратов (АМП), проведения рационального и эффективного лечения АМП, обоснованного выбора АМП для эмпирической терапии инфекций; проведения ограничительных мероприятий по сдерживанию распространения полирезистентных микроорганизмов в больницах Кыргызской Республики.

 

Стоит отметить, что сегодня и завтра будут проведены тренинги для лабораторных сотрудников Ошской, Баткенской и Джалал-Абадской областей по рабочим процессам идентификации патогенов и определения их чувствительности к антимикробным препаратам на этом оборудовании. Ранее в декабре были проведены тренинги для клинического персонала больниц, участвующих в данном исследовании, и в рамках настоящих мероприятий проводятся повторные тренинги для клиницистов северного и южного регионов Кыргызстана.