Ош облусунда «Менин ден-соолугум,менин укугум» иш чарасы болуп өттү

Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эмгек жамааты 7-апрель ден-соолук күнүнө арналган « Менин ден-соолугум,менин укугум» аттуу иш чара боюнча министрликтин демилгесин колдоп иш чарага активдүү катышты. Кызматтын эң негизги функцияларынын бири- бул сергек жашоону үгүттөө, массага жеткирүү болуп саналат. Жүгүрүү, дене- тарбия сергек жашоонун эң негизги элементи. Аталган иш-чарага эмгек жамаат толугу менен катышып, дистанциялык чуркоолордо алдыңкы орундарга жетишти.  Жалпыңыздарды сергек жашоого чакырабыз, чуркагыла, ден-соолукту чыңдагыла!