В рамках проекта «Экстренное реагирование на COVID-19» завершено строительство склада для хранения вакцин в Токтогульском центре профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора

2023-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Бүбүжан Арыкбаева Токтогул шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл борборунун вакцина сактоочу кампасын ачуу аземине катышты. Курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун аркасында ишке ашты.

Вакцина кампасы абаны эффективдүү желдетүү үчүн желдетүү системасы, жылытуу батареялары жана суу жылыткыч менен жабдылган. Мындан тышкары, жаңы электр менен камсыздоо системасы, коопсуздук жана өрт өчүрүү системасы орнотулду.

Жаңы кампанын имараты бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, ошондой эле “муздак чынжыр” талаптарына (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет.

Жаңы кампанын курулушу менен саламаттыкты сактоо уюму өзгөчө температуралык шарттарды талап кылган вакциналарды сактоого мүмкүнчүлүк алды.

«Инфекциянын жайылышын алдын алууда вакциналар негизги ролду ойнойт. Вакциналарды туура сактоонун маанилүүлүгү, өзгөчө муздак чынжырдын талаптарына ылайык, алардын натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылат. Вентиляция, жылытуу, электр менен камсыздоо жана коопсуздук системалары бар атайын кампаларды орнотуу вакциналарды сактоо үчүн оптималдуу шарттарды сактоого жардам берет, бул эмдөө программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу жана калктын ден соолугу үчүн өтө маанилүү”, — деп белгиледи Бүбүжан Арыкбаева.

Ушундай эле курулуш иштери Токтогул жана Ала-Бука, Жалал-Абад, Баткен шаарларындагы райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунда, ошондой эле Ош областындагы Араван айылдагы, ошондой эле Ак-Талаа айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөрүндө бүткөрүлдү. Ал эми Кербен айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдүн кампасынын курулушу аяктоо алдында турат.

Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү алдын алуу иш-чараларын камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

26 декабря 2023 г. заместитель министра здравоохранения КР, главный государственный санитарный врач Бубужан Арыкбаева приняла участие в церемонии открытия вакцинного склада Центра профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора г. Токтогул. Строительство стало возможным благодаря проекту “Экстренное реагирование на COVID – 19”, финансируемого Всемирным банком.

В вакцинном складе установлена вентиляционная система для эффективной вентиляции воздуха, отопительные батареи и водонагреватель. Кроме этого, установлена новая система электроснабжения и охранно- пожарная система.

Новое здание склада соответствует всем санитарно-эпидемиологическим требованиям, а также требованиям “холодовой цепи” (установленные температурные режимы и другие условия хранения).

Со строительством нового склада у организации здравоохранения появилась возможность хранения вакцин, требующих особого температурного режима.

«Вакцины играют ключевую роль в предотвращении распространения инфекций. Важность правильного хранения вакцин, особенно в соответствии с требованиями «холодовой цепи», обеспечивает их эффективность и безопасность. Установка специализированных складов с системами вентиляции, отопления, электроснабжения и охраны помогает поддерживать оптимальные условия для хранения вакцин, что критически важно для успешных программ по иммунизации и общественного здоровья», — отметила Бубужан Арыкбаева.

Аналогичные строительные работы завершены в межрайонных центрах профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора в г. Токтогул и г. Ала-Бука, г. Джалал-Абад, г.Баткен а также в санитарно-эпидемиологических отделах в с. Араван Ошской области, а также в с.Ак-Талаа. Подходит к завершению строительство склада в санитарно-эпидемиологическом отделе в с. Кербен.

Цель Проекта-содействие Правительству Кыргызской Республики в укреплении способности реагирования на пандемию COVID – 19 путем обеспечения надлежащих профилактических мер, закупки лекарственных средств, расходных материалов и медицинского оборудования, а также улучшения условий в организациях здравоохранения.