
Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча 2025-жылдын 11-жумасында (10.03.25 — 16.03.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 8372 учуру жана сасык тумоонун 16 учуру (и.к. 118,1) катталып, оорунун 6,1% га төмөндөшү (10-жумадагы и.к. 125,8) байкалды. Ооругандардын 5,8%ы (485 учур) ооруканага жаткырылды.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч респиратордук вирустук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда.
Октябрь айынан бери (2024-жылдын 40-жумасынан 2025-жылдын 11-жумасына чейин) 2458 үлгү алынды, анын ичинен 519у оң, анын ичинде А тумоосу — 48,4% (251 учур), В — 48,2% (250 учур), COVID-19 — 3,4% (18 учур).
Ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы бар, риновирус басымдуулук кылган – 28,5% (367 учур), РС вирусу – 25,1% (324 учур), аденовирус – 12,2% (158 учур), I-IV парагрипп – 12% (152 учур), башкалар – 28%.
Республикада COVID-19 инфекциясын жуктурган учурларга жумалык мониторинг уланууда. 2025-жылдын 11-жумасында оорунун учурлары катталган жок.
КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:
— коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
— КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
— жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
— дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
— КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.
————————————————————-
По оперативным данным Департамента профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора Министерства здравоохранения, на 11 неделе 2025 года (10.03.25г.-16.03.25г.) по республике зарегистрировано 8372 случая ОРВИ и 16 случаев гриппа (и.п. 118,1), по сравнению с предыдущей неделей (10 неделя и.п. 125,8) наблюдается снижение заболеваемости на 6,1%.
Госпитализировано 5,8% (485 заболевших).
Продолжается дозорный эпиднадзор за тяжелыми острыми респираторными инфекциями (ТОРИ) и гриппоподобными заболеваниями (ГПЗ) в городах Бишкек, Ош, Токмок.
С октября месяца (с 40 недели 2024г. по 11 неделю 2025 года) отобрано 2458 образцов, из них положительных 519, в том числе грипп А 48,4% (251 сл.), B – 48,2% (250 сл.), COVID-19 –3,4% (18 сл.).
Также наблюдается циркуляция острых респираторных вирусных инфекций, при этом превалирует риновирус –28,5% (367 случаев), РС вирус – 25,1% (324 случая), аденовирус – 12,2% (158 случаев), парагриппы I-IV – 12% (155 случаев), другие – 22,2% (286 случаев).
Продолжается еженедельный мониторинг заболеваемости COVID-19 в республике. За 11 неделю 2025 года случаев заболевания не зарегистрировано.
Для предотвращения распространения гриппа, ОРВИ и гриппоподобных заболеваний следует соблюдать следующие меры профилактики:
— мыть руки мылом или использовать антисептики для обработки рук после посещения общественных мест,
— избегать контакта с лицами с признаками ОРВИ,
— не прикасаться к лицу грязными руками,
— соблюдать правила респираторного этикета (чихать и кашлять следует прикрывая нос и рот салфеткой или изгибом локтя),
— при сезонном подъеме уровня заболеваемости ОРВИ – использовать маски или респираторы, соблюдать социальную дистанцию при посещении общественных мест.