Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти ПЧР-тести боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.
Бүгүнкү күндө Америка кошмо штаттары, Улуу Британия, Турция, Казахстан жана башка өлкөлөр эмдөө сертификаты, ПЧР-тестинин жыйынтыгы жок эле чет элдик жарандарды чек арасынан өткөрүп жатышат.
Ал эми Өзбек республикасынын аймагына эмдөө сертификаты болсо, анда ПЧР-тестин жыйынтыгы жана экспресс-тести жок эле кирсе болот. Ал эми эмдөө сертификаты болбосо, анда акыркы 72 сааттагы ПЧР-тестин (электрондук QR-коду менен) терс жыйынтыгын көрсөтүш керек же Өзбек республикасынын аймагына киргенде экспресс-тест тапшырыш керек.
Россия Федерациясынын башкы мамлекеттик санитардык врачынын 2021-жылдын 04-декабрындагы №33 токтомуна ылайык, Россия Федерациясына учак менен келген чет элдик жарандар орус же англис тилдеринде коронавирустук инфекциянын жок экендигин тастыктаган ПЧР-тестинин жыйынтыгын алып жүрүшү керек. Анализ Россия Федерациясынын Мамлекеттик чек арасын кесип өткөнгө чейин эки күндөн (48 саат) эрте эмес жүргүзүлүүгө тийиш жана жыйынтыгы аба каттамга (рейске) отурганда көрсөтүлүшү керек.
Евразия биримдигине кирген Россия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Кыргыз Республикасынын жарандары коронавирус жок экенин тастыктоо үчүн “Мен COVID-19сыз саякаттайм” мобилдик тиркемесин колдонушу керек.
Департамент профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора МЗ КР сообщает следующее по ПЦР-тесту.
На сегодняшний день США, Великобритания, Турция, Казахстан и другие страны разрешают иностранцам пересекать границу без сертификата о вакцинации или ПЦР-теста.
При наличии сертификата о вакцинации от коронавирусной инфекции можно въезжать на территорию Республики Узбекистан без отрицательного результатов ПЦР-теста и экспресс-теста. А при отсутствии сертификата о вакцинации необходимо предъявить отрицательный результат ПЦР-теста за последние 72 часа (с электронным QR-кодом) или сдать экспресс-тест при въезде на территорию Республики Узбекистан.
Согласно Постановлению Главного государственного санитарного врача Российской Федерации №33 от 4 декабря 2021 года, иностранные граждане, прибывающие в Российскую Федерацию воздушным транспортом, должны иметь при себе результаты ПЦР-тестов на русском или английском языках, подтверждающие отсутствие коронавирусной инфекции. Анализ должен быть выполнен не ранее чем за двое суток (48 часов) до пересечения Государственной границы РФ и результаты должны быть предъявлены при посадке на рейс.
Граждане России, Казахстана, Белоруссии, Армении и Кыргызской Республики, входящих в Евразийский союз, должны использовать мобильное приложение «Путешествую без COVID-19» для подтверждения отсутствия коронавируса.