Встреча представителя ВОЗ с директором Департамента госсанэпиднадзора

Бүгүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Вердаско Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директору Калчакеев Элден Муратович менен жолугушту.

Алар өлкөдөгү ден соолуктун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын алкагындагы кызматташтыкты, Пандемияга каршы күрөшүү фондунун экинчи айлампасындагы өлкөнүн өтүнмөсүн, адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугун коргоо секторлорунда эпидемиологиялык көзөмөлдү интеграциялоону талкуулашты.

Ошондой эле жолугушу учурунда коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча Операциялык борборду колдоону, лаборатория кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууну жана өлкөдөгү кызамык оорусунун учурдагы жагдайын талкуулашты.

Ошондой эле айлана-чөйрөнүн саламаттыгы жана химиялык коопсуздук жаатында туруктуу кызматташуу пландаштырылууда.
-———
Сегодня представитель Всемирной организации здравоохранения (ВОЗ) в Кыргызстане доктор Ливиу Ведраско встретился с директором Департамента профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора (ДПЗиГСЭН). Они обсудили сотрудничество в рамках плана действий по обеспечению безопасности здоровья (NAPHS) в КР, страновую заявку для второго раунда Фонда борьбы с пандемией, интеграцию эпидемиологического надзора в секторах здоровья людей и животных, поддержку Операционного центра по чрезвычайным ситуациям в области общественного здравоохранения (PHEOC), наращивание потенциала работников лабораторий и текущую вспышку кори в стране.

Планируется также постоянное сотрудничество в области гигиены окружающей среды и химической безопасности.