О мониторинге эпидемиологической ситуации по ОРВИ и гриппу

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет , 2023-жылдын 3-жумасында 16-январдан 23-январга чейин республикада курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 7061 учуру катталды.

Өткөн жумага салыштырмалуу, 2023-жылдын 3-аптасында оорунун көрсөткүчү 100 000 адамга 101,9 болуп, 15,2%га төмөндөгөн.

Сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын төмөнкү температуралык шартка туруктуулугун эске алуу менен (октябрдан мартка чейинки мезгил) калк арасында оорунун жайылышына күн сайын мониторинг жүргүзүү улантылууда.

Бул эпидемиологиялык сезондо А тумоосу (анын ичинде 2 түрү: A (H1N1) 09 A (H3N2) жана В тумоосу катталууда.

Курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккан адам, эгерде жөнөкөй алдын алуу эрежелери сакталбаса, курч респиратордук вирустук инфекциялардын башка түрлөрүн жуктуруп алышы мүмкүн, ошондуктан:
беткап режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;
өзүн жаман сезген, жогорку температура жана башка сасык тумоонукуна окшош белгилери байкалганда дароо обочолонуу;
санитардык-гигиеналык чараларды сактоо керек (колдун тазалыгы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.у.с.)

 

Департамент профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора сообщает, что на 03 неделе с 16.01. по 23.01. 2023 года по республике зарегистрировано 7061случаев ОРВИ и гриппа.

По сравнению с предыдущей неделей на 03 неделе 2023 г. заболеваемость на 100 тысяч населения составил 101,9, отмечается снижение на -15,2%.

С учетом устойчивости к низким температурным условиям гриппа и острых респираторных вирусных инфекций (сезон с октября по март месяцы) продолжается ежедневный мониторинг заболеваемости среди населения.

В данном эпидсезоне регистрируются гриппа А, (в том числе 2 вида: грипп А (Н1N1) 09 грипп А (Н3N2) и грипп В.

Человек, переболевший острой респираторной вирусной инфекцией при не соблюдении простых профилактических правил может заразиться другими видами ОРВИ, в связи с чем, необходимо:

соблюдение масочного режима и социального дистанцирования;

соблюдение респираторной гигиены — прикрытие рта и носа при кашле и чихании салфетками с их последующим, надлежащим удалением;

своевременная самоизоляция людей, почувствовавших себя нездоровыми, с высокой температурой и другими симптомами гриппа;

соблюдение санитарно-гигиенических мер (гигиена рук, регулярное проветривание помещений, влажная уборка и др.)