Кара-Кулжа районунунда  эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларын аныктоо максатында чоң комплекстүү иш-чара өткөрүлүүдө

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы  менен бирдикте  эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларын аныктоо максатында чоң комплекстүү иш-чара өткөрүлүп жатат.

 Иш-чара Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун элинин арасында бекер-акысыз өткөрүлүүдө. Бул иш-чарага И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарыгерлери  жана департаменттин  адистери катышып жатат.

Иш чаранын эн негизги максаты оорулардын таркалуусунун негизги себептерин аныктоо ошону менен биргеликте ИФА изилдөөгө кан алуу, УЗИ аппаратынан текшерүүдөн өткөрүү, андан сырткары адамдын ичиндеги ичеги мите курттарын аныктоо үчүн заң алынып текшерилүүдө.

“Эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларын эрте аныктоо бул оорулардын эң негизги алдын алуу иш чаралары жана анын жыйынтыгы оорулууга эртерээк жардам көрсөтүүгө өбөлгө түзөт”-, деп белгиледи дарыгер паразитолог Курсанбек Мамасалиев.

Эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларынын негизги ээси, булагы болгон иттердин ичегилери жана альвеококкоз оорусунун аралык ээси болгон кемирүүчү чычкандар кармалып алардын ички органдары алынып андан ары гистологиялык изилдөө иштери пландаштырылууда.

Мындай комплекстүү иш чаралар Кара-Кулжа районунда биринчилерден болуп өткөрүлүүдө.