Эхинококкоз оорусунун жайылуусу жана алдын алуу жолдору

Эхинококкоз оорусунун көбөйүүсү байкалууда бул тууралуу бизге врач-паразитолог  Усубалиева Жумагүл Маматкуловна билдирди .Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл эхинококкоз оорусу көп катталган. Оорунун келип чыгышы иттерди өз учурунда дарылабоо. Эхинококкоз жуктуруп алган адам өзү билбейт он жыл мурунбу он беш жыл мурунбу билинбейт,качан гана клиникалык  симптомдор пайда болуп баштаганда гана ооруга чалдыккандыгы билинет. Оорунун жайылуусу боюнча изилдөөлөрдү жүргүздүк ,изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Кочкор району жана  Алай районунда эхинококкоз жана альвеококкоз  оорусу көп кездешет. Жакынкы аралыкта Түп районунда 4200 окуучуну УЗИ аппаратынан өткөздүк, 300гө жакын окуучу ооруга күмөн саноо деп табылды.

Ооруну алдын алуу жолдору:  Иттерди бир жылда торт жолу дарылоо  жана 72 саат байлоо керек. Кой , эчкилерди сойгон учурда , былжырлуу өпкө, боорлорду иттерге бербөө керек жана таштандыларга ачык жерге таштоого болбойт.