Бишкек шаарында эхинококкоз боюнча XXIX бүткүл дүйнөлүк конгресс өткөрүлөт

Бишкек шаарында эхинококкоз боюнча XXIX бүткүл дүйнөлүк конгресс өткөрүлөт

«Эхинококкоз/альвеококкоз оорусу мите курт оорусу болуп саналат. Бул дарттын өтүшүп кеткен учурунда адам инвалид болуп калышы ыктымал, ошондой эле өлүмгө дуушар кылат. Акыркы 15 жылдан бери республикада эң актуалдуу маселелердин бири. Атайын статистикалык маалыматка таянсак жылына 900 дон 1000 чейин адамдар операция жолу менен даарыланып турушат. Биздин мамлекет агрардык мамлекет болгондуктан, республикабыздын бардык аймактарында бул оору кездешет. Саламаттык сактоо министирлиги бул оору менен курөшүүнү улантып келе жатат, биринчи эле максатыбыз жарандарыбызды өз убагында профилактикалык жана диагностикалык текшерүүдөн өткөрүү, ооруларды өз убагында аныктоо жана дарылоо .Кыргыз Республикасында бул багытта чон иш-чара өткөрүлгөнү турат. Учурда 29 конгрессти өткөрүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө , бул маарекеге 100 ашык чет элдик илимий ишмерлер,практикалык кызматкерлер жана Кыргызстандын булун бурчтарынан эхинококкоз менен алектенген адистер жана илимпоздор катышат»,- деп белгиледи Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Эске салсак, 28-30-август күндөрү Бишкек шаарында эхинококкоз боюнча XXIX бүткүл дүйнөлүк конгрессти өткөрүлөт. Иш чара И. Ахунбаев атындагы медициналык академиясынын базасында өтөт. Бул иш- чараларды уюштурууда уюштуруу иштери боюнча атайын группа тузулуп 2 жылдан бери даярдыктар корулуудо, анын башында медакадемия, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө Департаменти, Жогорку медициналык окуу жайы жана Буткул дуйнолук эхинококкоз боюнча Конгресстин президенти, мучөлөру катышууда. Бул Конгресстин жыйынтыгында дагы көптөгөн тажырыйбалар менен алмашуу күтүлүүдө.