Баткен облусунда лабораториялык кызматынын адистери ичеги-карын паразитоздорун изилдөө боюнча билимдерин жогорулатышты

Баткен облусунда лабораториялык кызматынын адистери ичеги-карын паразитоздорун изилдөө боюнча билимдерин жогорулатышты

Окутуу процесси төрт күнгө созулуп, мастер-класстар, практикалык көнүгүүлөр менен өткөрүлдү. Катышуучулар микроскопту колдонуунун туура ыкмасы, курттарды жана протозойлорду аныктоонун жана диагностикалоонун ыкмаларын бир нече жолу кайталоо менен билимдерин жогорулатышты.
Ошондой эле клиникалык жетекчиликти жана маалыматтарды өз алдынча колдонуу боюнча сунуштарды алышты.

Окутууда ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин эпидемиолог дарыгери Г. Усубалиева, паразиталогия лабораториясынын жетекчиси Б. Абдылдаева жана Баткен район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө борборунун лаборант-паразитолог врачы М.Сатыбалдиевалар тренерлик кылышты.

Белгилей кетсек окутуу семинары «Дуваташ» компаниясынын каржылык колдоосу астында «Дени сак үй-бүлө» долбоорунун алкагында өткөрүлүп, ага Баткен, Лейлек райондорунан жана Сүлүктү шаарынан жалпы 22 лаборант катышты. Буга чейин ушундай эле окутуулар Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларында өткөрүлгөн.