14-мартта Каракол райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери тарабынан эхинококкозду алдын алуу жана эрте аныктоо максатында УЗИден текшерүү (скрининг ) жүргүзүү боюнча масштабдуу иш-чара өткөрүлүүдө . Иш-чара мектеп жана гимназия окуучулары арасында өткөрүлүүдө.
Бүгүнкү күндө 461 окуучу жана 27 мугалим текшерилди .
Ошондой эле эхинококкоздун алдын алуу боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окутуу семинарлары өткөрүлдү.
Маалымат үчүн:
Ысык-Көл облусунда 2022-жылы 90 эхинококкоз, ал эми 2023-жылы 102 эхинококкоз катталган. 2024-жылы 12 учур катталды. Бардык бейтаптар диспансердик көзөмөлгө алынган.
Сегодня специалисты Каракольского межрайонного центра профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора провели масштабное мероприятие по проведению ультразвукового обследования (скрининга) с целью профилактики и раннего выявления эхинококкоза среди учащихся школ и гимназий.
На данный момент проверено 461 ученик и 27 учителей.
Проводятся обучающие тренинги для родителей по профилактике эхинококкоза.
Для информации
В Иссык-Кульской области в 2022 году было зарегистрировано 90 эхинококкоз, а в 2023 году-102 эхинококкоза. В 2024 году было зарегистрировано 12 случаев.
Все пациенты, у которых был выявлен эхинококкоз, находятся под диспансерным наблюдением.