КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал

КРВИ жана сасык тумоонун эпидсезонунун келиши менен республика
боюнча оорунун бара-бара өсүшү байкалууда.

Оперативдик маалыматтарга ылайык 2024-жылдын 02-жумасына (и.к.
142,5) салыштырмалуу 2024-жылдын 03-жумасында (15.01-21.01.2024-ж.)
республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 9295 учуру (и.к. 131,0)
катталды, б.а. -8,1% төмөн. Ооругандардын ичинен 67,1% 14-жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрь айынан тарта 1492 оорулуудан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 33,4%, респиратордук-синцитиалдык вирус 26,9%, парагрипп 18,7% жана башка вирустар 21% түзөт.

Оорунун жогору көрсөткүчтөрү Бишкек. Ош шаарларында жана Чуй облусунда катталды, и.к. 292,1; 189,3 жана 224,2 түздү.

Мониторинг боюнча жумасына 2 ден 6 учурга чейин COVID-19 учурлары катталууда.Акыркы 03-жумада республика боюнча COVID-19 оорусунун 5 учуру Бишкек шаарында катталды.

Азыркы учурда бардык саламаттык сактоо уюмдарында карантин жана бет кап тагынуу режими киргизилген.

Республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун эпид кырдаалына мониторинг жүргүзүү уланууда.

С наступлением эпидсезона в республике наблюдается постепенное повышение заболеваемости ОРВИ и гриппом.
По оперативным данным на 03 неделе 2024года (15.01-21.01.24г.) по
республике зарегистрировано 9295 случаев гриппа и ОРВИ (и.п. 131,0) по сравнению с 02 неделей (и.п. 142,5) заболеваемость ниже на 8,1%. Из всех заболевших 67,1 составляют дети до 14 лет (6243 случаев).
С октября месяца отобрано 1492 анализов от больных, по данным лабораторных результатов эпидсезон обусловлен гриппом А/ H3N2.

Также наблюдается циркуляция острых респираторных вирусных инфекций, при этом превалирует риновирус 33,4%, респираторно- синтициальный вирус 26,9%, парагриппы 18,7% и другие вирусы составили 21%.

Высокая заболеваемость наблюдается в городах Бишкек, Ош и Чуйской
области, где интенсивные показатели составляют 292,1; 189,3 и 224,2.

Проведение мониторинга и оценка эпидемиологической ситуации за
заболеваемостью гриппом, ОРВИ и COVID-19 по республике продолжается.

Продолжается еженедельный мониторинг и за заболеваемости COVID-
19 в республике. По данным мониторинга еженедельно регистрируется от 2
до 6 случаев в неделю, эпидситуация расценивается как стабильная. За 03
неделю зарегистрировано 5 случаев в г. Бишкек.

Проведение мониторинга заболеваемостью гриппом, ОРВИ и COVID-19 по республике продолжается, эпидемиологическая ситуация находится под контролем.

Во всех организациях здравоохранения введены масочные режимы и карантин.