В Центре профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора Ноокатского района состоялось открытие вирусологической лаборатории

2022-жылдын 28-июнунда Ноокат райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда вирусологиялык лаборатория ишке киргизилди. Бул лаборатория Ислам өнүктүрүү банкынын “COVID-19 учурунда чукул жардам” долбоорунун алкагында курулган.

Ачылышка Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Оорулардын алдын алуу башкармалыгынын лабораториялык кызматынын башчысы Айгүл Жумаканова жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн райондор аралык борборлорунун жетекчилери катышты.

Бул лабораторияларга ILAB маалымат системасына туташтырылган. Бул лабораториялык маалыматтык тутумдун артыкчылыгы — паспорттук маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системасы менен туташып, техникалык каталарды жокко чыгарат. Система бейтаптын паспорттук маалыматтарын өзү киргизет. Бейтаптар/кардарлар лабораторияга келбей эле ПЧР анализинин жыйынтыгын өздөрү басып чыгарып, ала алышат, бул адамдар менен ашыкча байланышты жокко чыгарат. Бул лаборатория жана пациент/кардар үчүн да ыңгайлуу. Кошумчалай кетсек, бул лабораториялар “COVID-19суз саякаттоо” тиркемесине туташтырылган.

Республика боюнча бардыгы болуп 10 жаңы ПЧР лабораториясын куруу пландаштырылууда, учурда 6 лабораториянын курулушу аяктады (Каракол, Талас, Ысык-Ата, Жайыл, Сокулук, Ноокат). Келечекте бул лабораториялар коронавирустук инфекциянын лабораториялык диагностикасынан тышкары башка инфекцияларды (сасык тумоо, кызамык, кызылча, гепатит ж.б.) ПЧР аркылуу аныктайт деп күтүлүүдө.

28 июня 2022 года была запущена вирусологическая лаборатория в центре госсанэпиднадзора Ноокатского района. Данная лаборатория построена в рамках проекта «Экстренная помощь при COVID-19» Исламского банка развития.

В открытии приняли участие заместитель министра здравоохранения Бубужан Арыкбаева, начальник лабораторной службы Департамента профилактики заболеваний госсанэпиднадзора Айгуль Джумаканова и руководители Межрайонных центров госсанэпиднадзора.

В эти лаборатории подведена информационная система ILAB. Преимущество данной лабораторной информационной системы заключается в том, что паспортные данные сгенерированы с информационной системой Государственной регистрационной службы, что исключает технические ошибки. Система сама вводит паспортные данные пациента. Пациенты/клиенты могут сами распечатать и получить результаты ПЦР-анализа не приходя в лабораторию, что исключает лишний контакт с людьми. Это удобно как для лаборатории, так и пациента/клиента. Кроме этого данные лаборатории подключены к приложению «Путешествую без COVID-19».

Всего по республике планируется построить 10 новых ПЦР-лабораторий, в настоящее время завершены строительства 6 лабораторий (Каракол, Талас, Ысык-Ата, Жайыл, Сокулук, Ноокат). Ожидается, что в будущем эти лаборатории кроме лабораторной диагностики коронавирусной инфекции, будут проводить диагностику других инфекций методом ПЦР (грипп, корь, краснуха, гепатит и.т.д).