Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин дарыгер эпидемиологу — Суранбаев Султан Турусбекович.

«Кыргызстанда 4-5-апрелден тарта коронавирус оорусу басаңдап, 1-майдан тарта илдет менен ооругандар катталбай жана ооруканаларда дарыланып жаткандар да калган эмес. Буга чейин биз коронавирустун төрт толкунун башыбыздан өткөрдүк. Акыркы ирет 2-январдан 25-январь аралыгында «омикрон», «стелс-омикрон» штаммдарынын толкуну жүргөн. Учурда эпидемиологиялык абал туруктуу. 29-апрелде Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб Кыргызстанда июнь-июль айларында COVID-19дун күчөшү ыктымал экенин жарыялаган. Бешинчи толкун мурдагы толкундардай оор болбойт. Болгону 1-2ден бейтап катталат. Болгону адамдар ошол мезгилге чейин иммунитетти чыңдап алышы керек. Организмде вируска карата антитело иштелип чыгуу да маанилүү. Кыргызстанда вакциналардын бардык түрү бар. Алардын ар биринин натыйжалуулугу жогору. ДССУ вакцинанын бардык үч дозасын алууну сунуштайт. Алгачкы эки доза иммундук системага инфекция менен күрөшүүгө мүмкүндүк берет. Бустердик вакцина иштелип чыккан иммунитетти бекемдейт», — деди Суранбаев.