Бүгүн, 21-март күнү Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө борборунун ПЧР(ПЦР) лабораториясы пайдаланууга берилди.
Имараттын ачылыш аземине КР Президентинин Баткен облсундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен облусундагы чек ара айылдарын өнүктүрүү жана калыбына келтирүү маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен районунун акими Учкунбек Имамалиев жана облустагы медициналык мекемелердин жетекчилери жана борбордун кызматкерлери катышты.
Облустагы ооруканалар буга чейин коронавирусту аныктоо үчүн анализдерди Ош шаарына жөнөтүшчү. Эми жаңы ачылган ПЧР(ПЦР) лабороториясында COVID-19 илдетин аныктоого болот.
ПЧР-лаборатория заманбап алдыңкы жабдуулар менен жабдылып, 2-4 сааттын ичинде 90дон ашык анализди изилдеп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар.
Имараттын курулушу 2021-жылы башталып, 2022-жылы аяктаган. Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, жалпы 30 бөлмөдөн турат. Бардык керектүү болгон заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган.