
21-Апрель ,2025 — жылы эмгек сиңирген дарыгер , медицинанын ардагери, санитардык дарыгер Сапар Ибраимов 85-жашында дүйнө салды.
Ал 27-декабрь 1940-жылы Нарын облусунун Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айылында туулган. Ал өз өмүрүн жогорку профессионалдуулукту, жоопкерчиликти жана адамдардын ден соолугуна кам көрүү менен саламаттык сактоо кызматына арнаган.
Сапар Ибраимович 1969-1980-жылдары Баткен ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери болуп эмгектенген.
1986-1987-жылдары Тогуз-Торо районунун эпидемиологу.
1988-1994 — жылдары Баткен районунун поликлиникасында башкы врачтын орун басары, ал эми 1994-1997-жылдары Тогуз-Торо поликлиникасында бөлүм башчы болуп иштеген.
Сапар Ибраимович 1997-2010-жылдары Тогуз-Тородогу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун жетектеген. Анын жетекчилиги астында аймактын санитардык абалын жакшыртууга жана калк арасында оорулардын алдын алууга багытталган көптөгөн демилгелер киргизилген.
Ал мыкты адис гана эмес, кесиптештери, достору жана аны тааныгандардын баары сыйлаган адам болгон. Анын эмгеги жана саламаттыкты сактоого кошкон салымы көптөгөн муундардын жүрөгүндө өчпөс из калтырат.
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин жетекчилиги жана жамааты бул жоготууда маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Сапар Ибрагимовичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
21 апреля 2025 года на 85-м году жизни ушёл из жизни заслуженный врач, ветеран медицины, санитарный врач — Ибраимов Сапар.
Он родился 27 декабря 1940 года в селе Сары-Булун Тогуз-Тороуского района Нарынской области. Свою жизнь он посвятил служению здравоохранению, проявляя высокий профессионализм, ответственность и бескорыстную заботу о здоровье людей.
С 1969 по 1980 годы Сапар Ибраимович трудился главным врачом Баткенского санитарно-эпидемиологического надзора.
В 1986–1987 годах — эпидемиолог Тогуз-Тороуского района.
С 1988 по 1994 годы занимал должность заместителя главного врача поликлиники Баткенского района, а с 1994 по 1997 годы — заведующего отделом Тогуз-Тороуский поликлиники.
С 1997 по 2010 год Сапар Ибраимович возглавлял Тогуз-Тороуский центр профилактики заболеваний и государственный санитарно-эпидемиологический надзор. Под его руководством было внедрено множество инициатив, направленных на улучшение санитарного состояния региона и профилактику заболеваний среди населения.
Он был не только выдающимся специалистом, но и добрым, отзывчивым человеком, которого уважали коллеги, друзья и все, кто его знал. Его труд и вклад в развитие здравоохранения оставят неизгладимый след в сердцах многих поколений.
Департамент профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора МЗ КР выражает искренние соболезнования родным и близким покойного.
Светлая память о Сапаре Ибрагимовиче навсегда сохранится в наших сердцах.