Республикадагы сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматы боюнча 2024-жылдын 2-жумасында (06.01.25 — 12.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 7415 учуру жана сасык тумоонун 38 учуру катталган (и.к. 105,0), өткөн жумага салыштырмалуу (01-жума, и.к. 60,0) +1,7 эсе жогору катталган, бул эпидемиялык босогодон (148,1) -29,1%га төмөн. Ооругандардын 7,9%ы (586 бейтап) ооруканага жаткырылган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч респиратордук инфекцияларга (КРИ) жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда.

Октябр айынан баштап (2024-жылдын 40-жумасынан 2025-жылдын 2-жумасына чейин) 1335 үлгү алынган, анын ичинен 128и оң, анын ичинде 78,9% А (H1N1 (2009) — 100 учур, H3N2-1 учуру)), В-9,4% (12 учур), COVID-19 – 11,7% (15 учур).

Ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалууда, алардын ичинен РС вирусу – 30,3% (280), риновирус – 26,2% (242), аденовирус – 12,8% (118), I-IV парагрипп – 11,4% (105), башкалар – 19,3% (179).

Республикада сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана баалоо улантылууда жана көзөмөлгө алынат.

 

КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:

— коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
— КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
— жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
— дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
— КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.

По оперативным данным Департамента профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора на 02 неделе 2024 года (06.01.25г.-12.01.25г.) по республике зарегистрировано 7415 случаев ОРВИ и 38 случаев гриппа (и.п. 105,0), по сравнению с прошедшей неделей (01 неделя и.п. 60,0) выше в +1,7 раза, ниже эпидпорога (148,1) на -29,1%. Из числа заболевших госпитализированы 7,9% (586 больных).

Продолжается дозорный эпиднадзор за тяжелыми острыми респираторными инфекциями (ТОРИ) и гриппоподобными заболеваниями (ГПЗ) в городах Бишкек, Ош, Токмок.

С октября месяца (с 40 недели 2024г. по 02 неделю 2025 года) отобрано 1335 образцов, из них положительных 128, в том числе грипп А 78,9% (H1N1(2009) – 100 сл., Н3N2-1 сл.)), B – 9,4% (12 сл.), COVID-19 – 11,7% (15 сл.).

Также наблюдается циркуляция острых респираторных вирусных инфекций, при этом превалирует в том числе РС вирус – 30,3% (280), риновирус –26,2% (242), аденовирус – 12,8% (118), парагриппы I-IV – 11,4% (105), другие – 19,3% (179).

Проведение мониторинга и оценка эпидемиологической ситуации за заболеваемостью гриппом, ОРВИ и COVID-19 по республике продолжается и находится под контролем.

 

Для предотвращения распространения гриппа, ОРВИ и гриппоподобных заболеваний следует соблюдать следующие меры профилактики:

— мыть руки мылом или использовать антисептики для обработки рук после посещения общественных мест,
— избегать контакта с лицами с признаками ОРВИ,
— не прикасаться к лицу грязными руками,
— соблюдать правила респираторного этикета (чихать и кашлять следует прикрывая нос и рот салфеткой или изгибом локтя),
— при сезонном подъеме уровня заболеваемости ОРВИ – использовать маски или респираторы, соблюдать социальную дистанцию при посещении общественных мест.