На главную
Карта сайта
Написать нам
Кыргызча
Департамент государственного санитарно-эпидемиологического надзора Министерства Здравоохранения Кыргызской Республики
720033, Кыргызская Республика, г.Бишкек, ул.Фрунзе 535
тел.: (312) 32-32-01 факс:(312) 32-32-14
Горячие вакансии
Каких разделов не хватает нашему порталу?
Статей о болезнях
О экологии в Кыргызстане
Загрязнение окружающей среды
Перенаселение городов
Предупреждение эпидемий


  Посмотреть результат
  Задать вопрос


Панель пользователя
Имя пользователя:
Пароль:
Написать нам
НОВОСТЬ - Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөл департаментинин директору Төлө Исаковдун куттуктоосу


Урматтуу ооруларды алдын алуу жана санитардык – эпидемиологиялык көзөмөл тармагынын эр-азаматтары!

 

Баарыңыздарды  23 – февраль Мекенди коргоо күнү менен куттуктаймын!

Мекенди коргоо күнү бул эрдиктин, мекенге чексиз берилүүнүн жана аны сүйүүнүн, өз тарыхын урматоонун майрамы. Анын  бай жана даңктуу тарыхы бар.

Эл, жер деп кезегинде биздин аталар канын, жанын арнап, башын сайып кан майданга барышкан, Канчалары Мекен үчүн мерт болушту. Алардын эч кимиси, эч качан унутулбайт. Ал эми Улуу-Ата Мекендик согуштан аман келип арабызда өмүр сүрүп келе жаткан аталарга түбөлүк даңк! Коомубузга карыялык бай тажырыйба жана салымдарын кошуп аман жүрүшсүн деген тилек.

Учурда болсо адамзат алдындагы башкы баалулук – тынчтык, бакыбатуулук, туруктуулук. Урматтуу коомдук саламаттык сактоо, анын ичинде ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл тармагынын эр-азаматтары. Cиздерди  ак дилимден Мекенди коргоо күнү менен куттуктаймын!

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, ийгилик, бакты-таалай.

Талбас эмгектериңиздерге албан ийгилик, эртеңибизге зор ишенич, келечегибизге  талыкпас үмүт, ишиңиздерге чыгармачыл шык, канагаттануу жана соолбос дем каалайм.

Үй-бөлөө, бала-бакыра, тууган –уруктарыңыздар менен аманчылыкта жаркын өмүр сүрө бериңиздер!

Майрамыңыздар менен!

 

Урматтоо менен,

 

Департаменттин директору         Төлө Исаков


© 2016, Департамент Профилактики Заболеваний и Государственного Санитарно-Эпидемиологического надзора
Все права защищены. При копировании материалов сайта необходимо указывать прямую ссылку.

Официальный сайт разработан и сопровождается www.inform.kg, ©2010-2016